Бишкекте “Kia Motors” компаниясынын расмий дистрибьютордук борбору ачылды

Бишкекте “Kia Motors” компаниясынын расмий дистрибьютордук борбору ачылды. Салтанаттуу иш-чарага Түштүк Кореянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ю Мёнг Су, Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, “Kia Motors” компаниясынын кыргыз жергесиндеги борборунун Башкы директору Игорь Ким жана “Kia Motors” компаниясынын аймактык штабынын президенти Брайан Лим катышты.
Анын жүрүшүндө Игорь Ким “Kia Motors” компаниясы тарабынан эми Кыргыз жергесинде толук кандуу кызмат көрсөтүлүп, бүткүл өлкө боюнча кардарларын тейлей ала турганын айтты.
“Kia” “Азиядан дүйнөгө чыгуу” деп чечмеленет, бүгүн мына Кыргыз жергесине да келип жетти. Биз эми Бишкекте эле кызмат көрсөтпөстөн бүткүл өлкөнү да тейлей алабыз. Ошондой эле биз кардарларыбызга сервистик кызматыбызды- Kia үлгүсүндөгү унааларды жана тетиктерин керектүү деңгээлде сунуштай алабыз”, — дейт Игорь Ким.
Ошондой эле аталган иш-чарага катышып жаткан Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов учурда “Kia Motors” компаниясы федерация менен биргеликте 2 долбоор даярдап жатканын билдирди.
“Биринчиси, “KIAChamp into the Arena” деп аталат да анда футбол сүйүүчүлөрүнүн ортосунда футбол боюнча мелдеш уюштурулат. Жеңүүчү болгон команданын оюнчулары 2018-жылы орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугундагы оюндардын бирине күбө боло алышат. Ал эми экинчиси “KIA official Match Ball Carrier” деп аталат. Ал жаш футболчулар ортосунда уюштурулат. Жеңүүчү деп табылган жаш футболчу Дүйнө чемпиондугундагы оюндардын биринде калыстар менен кошо чыгып оюн талаасында колуна топту кармап туруп ачылыш аземине катышат. Биз, Футбол федерациясы бул долбоорлорду абдан кубануу менен мамиле кылып жатабыз. Андан сырткары келечекте дагы ушул сыяктуу башка долбоорлорду уюштурууга аракет кылабыз. “Kia motors” компаниясына бул долбоорлор үчүн федерациянын атынан ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалайм”, — дейт Семетей Султанов
. Андан сырткары, Игорь Ким бизнес жаатындагы адамдар үчүн Дүйнө чемпиондугуна баруу мүмкүнчүлүгүн жараткан дагы бир долбоор даярдалып жатканын айтты. Анын айтуусуна караганда, “KIA Best fleet invitation” аталышындагы долбоор 10 унаадан 20 унаага чейин сатып алган компаниянын 2 өкүлүнө орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземине күбө болуу мүмүнчүлүгүн түзүп берет.
Айта кетсек, “Kia Motors” — түштүк кореялык унаа чыгарган компания. Ал унаа чыгаруу боюна Түштүк Кореяда экинчи орунда, дүйнөдө жетинчи орунда турат. 1944-жылы түптөлгөн. “Hyundai Motor Group” компаниясынын тобуна кирет.